SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев: "Кадамжайда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү иштерге кийлигишип жатат"

Камчыбек Ташиев: "Кадамжайда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү иштерге кийлигишип жатат"
Кечээ, 18-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Кадамжай райондук бөлүмүнүн жана Бүргөндү аймактык бөлүмүнүн имараттарын пайдаланууга тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Бүргөндү аймактык бөлүмү толугу менен жаңыртылып, кошумча курулуштар жүргүзүлгөн соң ишке берилди, ал эми Кадамжай райондук бөлүмүнө болсо толугу менен жаңы имарат курулду. Ачылыш аземине жергиликтүу бийлик өкүлдөрү, УКМКнын ардагерлери жана атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы катышты. Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, кызматкерлерди өз кызматтык милдеттерин так жана берилгендик менен аткарууга чакыруу менен аймакта жүргүзүлүп жаткан ыкчам иштердин багытына басым жасады: "Мага жеткен маалыматтар боюнча, Кадамжай жергесинде дагы деле уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар жана алар кайсыл бир деңгээлде өзүн эркин сезип, анча-мынча иштерге кийлигишип жатат. Буларга тез арада чра колдонбосоңор, мен силерге катуу чара колдоном. Коррупционерлер дагы чек ара аймагында кандайдыр мыйзамсыз иштерге барышууда, мындай болушуна жол берилбеши керек жана тез арада мындай көрүнүштөрдү жокко чыгарышыңар керек". Жаңы имараттарда атайын кызматтын кызматкерлери үчүн кызматтык милдеттерин жетиштүү деңгээлде алып барууга бардык зарыл шарттар бар. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="253818,253819,253820,253821,253822,253823,253824,253825,253826,253827,253828,253829,253830,253831,253832"]