Камчыбек Ташиев: "Жергиликтүү бийликтин ишине депутаттар, таасирдүү адамдар кийлигишпеши керек"
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон жана Ноокендеги ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды.
"Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине эч бир адам кийлигишпеш керек. Эскертип жатам. Базар-Коргон районуна депутат Айбек Алтынбеков киришип атыптыр деген маалымат бар. Жакындатпагыла. Эгерде силерди укпай, депутаттар кийлигишип жатса, коопсуздук органдарына кайрылгыла. Өзүңөр бош болсоңор, шылкыйып отурсаңар, келип мойнуңарга минип алат", — деди Ташиев.