Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун үч судьясы кармалганын айтты
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак РИИБдин жаңы имаратынын ачылышында Жалал-Абад облусунун үч судьясы кармалганын айтты.
"Кечээ кечинде эле облустук соттун 3 судьясы кармалып, камалды. Ошол 3 сот дагы президенттин көзүнөн өткөн, Судьялар кеңешинен өткөн, көп жылдан бери кызмат кылып келген, таза кызмат кылабыз деп президенттин алдында убадасын беришкен. Бирок жеке кызыкчылыктарына берилип кетип мыйзам бузушту", — деди Ташиев.