Камчыбек Ташиев: "Барак эксклавы 2017-жылы эле Өзбекстанга өткөн"
"Барак биздин эксклав эмес. Баракты биз 2017-жылы Өзбек тарапка өткөрүп бергенбиз. Өзбек тарап бизге ошончо аянтты Кара-Суунун четинен бөлүп берген. Бөлүп берилген аянт "Савай" каналынын жанында", - дейт Камчыбек Ташиев.
2018-жылы Барак эксклавы Өзбекстандын башка жерине алмаштырылышы мүмкүн экени айтылган.
Бир кездерде Кара-Суу районуна караган Барак айылы Өзбекстандын ичинде, чек арадан беш чакырым ичкери жайгашкан. 2013-жылдагы чек ара чатактарынан кийин коңшу өлкө айылдын чек ара өтмөгүн жаап койгон. Эксклав тургундарынын арасында Кыргызстанга келип-кетүү жыл өткөн сайын кыйындап баратканын айтып, кыргыз бийликтеринен көчүрүп кетүүнү сурангандары да болгон.