SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев 9 балалуу үй-бүлөгө жер бөлүп, үй салдырып бермей болду

Камчыбек Ташиев 9 балалуу үй-бүлөгө жер бөлүп, үй салдырып бермей болду
Бүгүн, 31-августта Барпы айылында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге 9 балалуу үй-бүлө кайрылып, жашоого үйү жок экенин айтты. “Оштон келдик. Үч күндөн бери артыңыздан жүрөбүз”, - деди аял. Төрага үй-бүлө башчысынын алты саны аман туруп, жардам сураганына ачууланды. Акырында үй-бүлөгө жер тилке бөлүп берүүнү тапшырып, үй салууну караштырарын айтты.
edita