Кримтөбөл Камчы Көлбаев кызын турмушка узатты (видео)
Мыйзамдагы ууру аталган Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) кызы Эркеайымды турмушка узатты. Бул туурасында 24.kg өздүк булактарына таянып жазды.
Көлбаевдин күйөө баласынын аты Руслан, жашы 25те. Той диний салттарды кармануу менен өткөнү айтылууда. 27-мартта «Арзу Гранд» ресторанында нике кыюу жөрөлгөсү өткөн. Эртеси үлпөт тойдун өзү «Версаль» ресторанында болгон. Тойго аялдар менен эркектерди бөлүп чакырышкан, тактап айтканда, аялдар башка убакка, эркектер башка убакка келишкен. Көлбаевдин күйөө баласынын уюшкан кылмыштуу топко тиешеси жок экени айтылды. Тойго белгилүү ырчы Мирбек Атабеков дагы келген.
https://youtu.be/UwL5_KcMjnM
Ачык маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаевдин төрт баласы бар — 3 кыз, бир уул. Улуу кызы Санира 2017-жылы турмушка чыккан. Эркеайым - кримтөбөлдүн экинчи кызы.