SerepTV Logo

Камактагы активист Тилекмат Кудайбергенов Садыр Жапаровдун уулуна донор болуп берген

Камактагы активист Тилекмат Кудайбергенов Садыр Жапаровдун уулуна донор болуп берген
Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) 2019-жылы Садыр Жапаровдун уулу Дастан жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөндө, ага донор болуп берген. Мындай маалымат социалдык тармактарда тароодо. "Элди башаламандыкка чакырды деп айыпталып жаткан Тилекмат инибиз, 2019-жылы 26-август күнү абакта отурган Садыр Нуркожоевичтин уулу Дастан жол кырсыгына учурап, ооруканада оор акыбалда деген чакырыкты угуп, ушул жардам берсе экен деп, Садыр уулу Дастанга кан берген. Бирок тилекке каршы ажал күчтүүрөөк болуп калды", - деп жазат соцтармак колдонуучусу. Бул билдирүүнүн алдына Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун Тилекмат Кудайбергенов Садыр уулу Дастанга кан бергенин тастыктаган медициналык маалымкаты тиркелген. Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан 2019-жылдын 22-августунда мотоцикл менен бара жатып жол кырсыгына учурап, төрт күндөн кийин эсине келбей Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумган. Ал 26 жашта болчу.  
Unknown Author