Калкты мобилдүү тейлөөнүн алкагында 6 миңден ашуун жаранга кызмат көрсөтүлдү
Кыргызстанда шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча кампаниянын алкагында Калкты мобилдүү тейлөө иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кампаниянын алкагында 18 жаштан жогору, жарактуу паспорту бар кыргыз жарандарынын саны 3 миллион 825 миң 605 адам экени белгилүү болду, алардын ичинен 3 миллион 481 миң 143 адам биометрикалык каттоодон өттү. Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу, паспорт алмаштырууга документтерди кабыл алуу жана жашаган жерин каттоодо Ош, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тургундары активдүү катышкан. Ал эми Талас облусунда катышуу пассивдүү болгон.
Калкты мобилдүү тейлөө кампаниясынын 17 күндүк ишинде 3000ден ашык адам жеринде документтештирүү кызматын колдоно алышты. 2329 жаран биометрикалык каттоодон өттү, 585 жаран жашаган жерин каттатты, 183 жаран паспортун алмаштырды.
