SerepTV Logo

Калкты коронавируска каршы эмдөөнү ушул аптада баштоо пландалууда

Калкты коронавируска каршы эмдөөнү ушул аптада баштоо пландалууда
Калкты коронавируска каршы эмдөө ушул аптада башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду. Эмдөө кайсы күнү башталары так эмес. Эмдөөнүн алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделет. Вакцинация Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө, андан кийин Ош облусунда жүргүзүлөт. Өткөн аптада өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы келген. Ал 75 миң адамды эмдөөгө жете турганы айтылган.  Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөө жарандардын каалоосунун негизинде жүргүзүлөрүн эскертти.
Unknown Author