Калкты биометрикалык каттоодон өткөрүү үчүн аймактарды 11 мобилдүү бригада аралайт
Өлкө аймагында биометрликалык каттоодон өтпөгөн жарандарды каттатуу үчүн 11 мобилдүү автобус ишин баштады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мобилдүү автобустан үстүбүздөгү жылдын 20-мартына чейин мамлекеттин 130 шаар жана айыл аймактарын аралайт. Биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоо менен референдумдарда добуш берүүнүн аныктыгы камсыздалат. Аталган автобустар БШК жана Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан уюштурулган.
БШК менен Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери калкка төмөнкүдөй жардам көрсөтүшөт:
- биометрикалык маалыматтарын каттоодон өткөрүүгө;
- паспортун алмаштыруу үчүн документтерин берүүгө;
- туруктуу жашаган жеринде каттоодон өтүүгө;
- электрондук санарип кол тамгасын алууга.