SerepTV Logo

Кыргызстандан Иранга кайрадан түз учууга болот

Кыргызстандан Иранга кайрадан түз учууга болот
Эми Кыргызстандан Иранга түз учууга болот. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. «Манас" эл аралык аэропорту кечээ, 17-июнда пандемиянын айынан узак тыныгуудан кийин биринчи жолу Мешхед – Бишкек – Мешхед каттамын тосуп алды", - деп айтылат маалыматта. Ирандык Varesh Airlines авиакомпаниясы бул каттамды 1 айда 1 жолу жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 2,5 саат.