Кайра шайлоо. Милиция коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздайт
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-июлунда өткөрүлөт. Ушуга байланыштуу, Ички иштер министрлиги өткөрүлүүчү иш-чаранын маанилүүлүгүн түшүнүп, шайлоого карата даярдануу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартиптин жана коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер министрлигинин "Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жөнүндө" буйругу чыккан.
"Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыгып, Бишкек, Ош жана Токмок ШИИБге жиберилген. Планда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участокторун коргоо, инвентаризациялоо, ташуу коопсуздугу жана шайлоо бюллетендерин шайлоо тилкелерине жеткирүү боюнча иштерди уюштуруу кирет. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана шайлоону өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен маалымат алмашуу, ошондой эле иш-чаралар жөнүндө маалыматты жалпылоо максатында маалыматтык-аналитикалык топ түзүлдү",- деп айтылат маалыматта.
Ички иштер министрлиги БШК менен биргеликте мыйзамдуулукту сактоо жана шайлоо учурунда мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери үчүн онлайн усулдук окууларды өткөрүүдө.