SerepTV Logo

Бишкек мэриясы: "Кайра шайлоо күнү коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштейт"

Бишкек мэриясы: "Кайра шайлоо күнү коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштейт"

Бишкекте шайлоо күнү, 11-июлда коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде, таңкы 6дан түнкү 11ге чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

11-июлда шаарда Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо болот. Шаарда 228 шайлоо тилкеси бар: Ленин районунда - 62 , Октябрь районунда - 59, Биринчи Май районунда - 49, Свердлов районунда - 58. "Белгилей кетсек, вице-мэр Виктория Мозгачева шайлоо өткөрүү боюнча штабда оорулуу жарандар үчүн өзүнчө шарттар түзүлөөрүн айтты", - деп айтылат маалыматта.