SerepTV Logo

Кайра шайлоо. БШКга эки талапкерден арыз түштү

Кайра шайлоо. БШКга эки талапкерден арыз түштү
БШКга өзүн-өзү көрсөтүү боюнча бир мандаттуу талапкерлерден арыз түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. БШКга экс-депутат, мурдагы вице-премьер Эльвира Сурабалдиевадан февраль айында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого №27 Биринчи Май шайлоо округунан талапкер катары катышуу ниети тууралуу билдирүү келип түшкөн. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэринин коомдук башталыштагы экс-кеңешчиси Гүли Алмамбеттен арыз түшкөн. Ал Свердлов райондук №29 шайлоо округунан депутаттыкка ат салышат.