Кайра шайлоо. БШК жыйынтыгын 12-мартка чейин чыгарат
27-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо эки - Биринчи Май жана Свердлов райондорунда өтөт.
БШК бекиткен графикке ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы 12-марттан кечиктирбестен чыгарылат.
Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда, башкача айтканда 2022-жылдын 7-февралына чейин жүрөт.