Кайгуул кызматы адашып кеткен баланы ата-энесине таап берди
Бишкектеги Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери адашып жүргөн жаш баланы ата-энесине жеткиришти.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кайгуулчулар кечээ, 24-мартта саат 14:30 чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен адашып жүргөн жаш баланы көрүшкөн. Тактоо иштеринен кийин ал бала 2014-жылы туулган Б.А. экени, Жал кичи районунда жашаганы аныкталган.
Кайгуулчулар кызматтык унаа менен баланын үйүн таап, аны ата-энесине өткөрүп беришти. Аны ошол учурда апасы да издеп жүргөн.