SerepTV Logo

Кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаранды таап, үйүнө жеткиришти

Кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаранды таап, үйүнө жеткиришти
"Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери адашып жүргөн жаранды таап, үйүнө жеткиришти", - деп мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Кечээ, 27-февралда саат 18:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Телман көчөсүнүн жашоочусу жоголду деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке кайгуулчулар барып, 1952-жылы туулган жаран карылыктан улам эске тутуусу начарлап, адашып кетип, изделип жаткандыгы белгилүү болгон. Кайгуулчулар көп узабай ал жаранды таап, туугандарына өткөрүп беришти.
edita