SerepTV Logo

Кадамжайда дайынсыз жоголгон 22 жаштагы келин изделүүдө

Кадамжайда дайынсыз жоголгон 22 жаштагы келин изделүүдө
Баткен облусунун Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон 22 жаштагы келин изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-мартта саат 08:00дөр чамасында 22 жаштагы Яхияева Гүласалхон Исомидин кызы Учкун айылындагы жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, бети тегерек, ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы күрөң түстө, чачынын узундугу болжол менен 15-20 см, орто дене түзүлүштө. Кийген кийимдери: үстүндө агыш түстөгү кофта жана боз түстөгү пальто, кара түстөгү жинсы шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим. "Сүрөттөгү келинди таанып-билгендер болсо 102, 03655 5-02-29; 0704 276 416 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.  
Unknown Author