SerepTV Logo

Кадамжайда 3 унаа сүзүштү

Кадамжайда 3 унаа сүзүштү
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 143-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Баткен облусу боюнча жол коопсузугун камсызоо башкармалыгынан билдиришти. Кырсык саат 14:30 чамасында катталган. Анда Honda CR-V, ВАЗ-2105 жана HYUNDAI PORTER үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кырсыктын жагдайлары такталууда. Жергиликтүү басылмалар кырсыктан 10 адам жабыркап, 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдиришти.