SerepTV Logo

“Качан бизди өлтүрүп коюшат деп сарайда жашынып отурдук” дейт Сокулукта кыз зордуктады делген шектүүнүн жакындары

“Качан бизди өлтүрүп коюшат деп сарайда жашынып отурдук” дейт Сокулукта кыз зордуктады делген шектүүнүн жакындары
16 жаштагы кыздын зордукталганы желдей тарап, жабырлануучуу кыздын жакындары, кылмышка шектүү 31 жаштагы жаранды үй-бүлөсү менен айылдан чыгып кетишин талап кылышкан. Бул чечим аксакалдар соту тарабынан кабыл алынып, 3 күндүн ичинде чыгып кетүү талабы коюлган. Кылмышка шектүү тараптын үй-бүлөсү борбордогу батирлердин бирине көчүп келишти. Небересинин кылганына жаны кейиген таенеси Сагын Ожурова окуя тууралуу төмөндөгүнү айтып берди. "Мен мындан 3 күн мурун эле келип кеткем, кырсык болгонун ким билсин, неберем кырсыкка кабылып калганын угуп келип олтурам. Кылмышты жасаган адам мойну менен тартсын, бирок балдары менен ата-энесинде эмне күнөө? Кыштын күнүндө 24 сааттын ичинде чыгып кетсин деп аксакалдар соту чечим чыгарыптыр. Биз ошол түнү качан өлтүрүп коюшат деп сарайда жашынып отурдук, кылмышты кылган неберем, үй-бүлөсү эмес", - дейт ал. https://youtu.be/yg9AhDqz2zU
Unknown Author