SerepTV Logo

Жыштык сатуу иши боюнча сот өкүмү чыкты. Черногубова менен Жылышбаев мамлекетке 260 миң сомдон төлөйт

Жыштык сатуу иши боюнча сот өкүмү чыкты. Черногубова менен Жылышбаев мамлекетке  260 миң сомдон төлөйт
Кыргызстанда радио жыштык чатагына байланыштуу сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине Жогорку Соттун басма сөз кызматынан бүгүн, 1-апрелде билдиришти. Маалыматка караганда, 31-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова жана Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Максат Жылышбаев "коррупция" беренеси менен айыптуу деп табылып, ар бири 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Черногубовага Жазык кодексинин “кылмышты аткаруучулук” деген 42-беренеси, Жылышбаевге “кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” деген 43-беренеси боюнча да айып тагылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган эле. Бул иш боюнча өкмөт аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев жана бир катар башка жетекчилер да кармалган.
Unknown Author