Жылдызкан Жолдошеванын апасы көз жумду
Саясатчы Жылдызкан Жолдошеванын апасы көз жумду. Бул маалыматты анын жакындары тастыкташты.
Алардын айтымында, Абдрахман кызы Алима апа 94 жашта болчу. "Алима апа 7 баланы төрөп, тарбиялап, кыргыз элинин кызматына берген күчтүү эне эле. Апабыздын өмүрлүк жары Мырзаканов Айтибай абабыз мугалим болуп эмгектенип жүрүп 39 жашында көз жумган. Артында калган 7 баласын элден кем кылбай багып-өстүрдү",- деп эскеришти саясатчынын жакындары.
SEREP MEDIA маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.