Жылдыз Бакашова: "Коронавируска байланыштуу өлкөгө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн"
Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал тез начарлап баратат. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок, бирок зарылчылык болсо чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Министрлер кабинетинин орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык штаб менен өткөрүлгөн кезектеги жыйында билдирди. Анда эпидемиологиялык кырдаал, саламаттыкты сактоо уюмдарындагы дары-дармектердин, медициналык багыттагы буюмдардын, жеке коргонуу каражаттарынын запасы, эпидемиялык абал начарлап кеткен учурда шаарлар жана аймактар боюнча иш-чаралар планы, калкты эмдөө планы боюнча маселелер каралды. Бакашова жакында өлкөгө 1 миллион 250 миң "Синофарм" вакцинасы келерин белгилеп, облустар арасында таратып берилерин кошумчалады.
"Республикада эпидемиологиялык кырдаал тез начарлап баратат. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок, бирок зарылчылык болсо чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Жакынкы аралыкта 1 миллион 250 миң доза кытай вакцинасы Кыргызстанга алып келинет, андыктан калкты эмдөө процессин мүмкүн болушунча тездетүү керек. Көбүрөөк адамдарды эмдөөдөн өткөрүү маанилүү. Бишкек шаарындагы вакцина борборлорунун күнү-түнү иштешин камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары, эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жалпы иш экендигин баса белгилегим келет, ошондуктан бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын координациясы, өз ара аракети жана жардамы керек", - деди ал.