"Жыландар менен аралашып жашайбыз" деген SUPERTV’нын каарманы үйлүү болду
Буга чейин Кара-Балта шаарындагы көрүстөндөрдүн бирининин жанындагы кичинекей эки бөлмөлүү үйдө 15 жылдан бери жашаган үй-бүлө тууралуу SUPERTV'да баяндаганбыз. 8 балалуу Ибраимовдордун үй-бүлөсү турак-жайынын жанында жыландардын уюгу бар экенин, үйдүн өзү ээн жерде, көрүстөнгө катар жайгашкандыгын, анда жашоонун канчалык коркунучтуу экенин айтып беришкен эле.
Арадан 4 ай өткөндөн кийин дал ушул Ибраимовдордун үй-бүлөсү үйлүү болушту. Аларга шоумен Эрмек Нурбаевдин демилгеси менен Туратбек аттуу досу үй алып берген.
"Мен видеону SUPERTV’дан көрүп калдым. Абдан таасирлендим. Жардам берем деп ойлодум. Мен жок дегенде азык-түлүк жеткирип берейин дегем. "Келгиле акча чогултуп жардам беребиз" деп досторума айттым. Досторумдун арасында жардам берүүнү көздөп жаткан Америкада жашаган Туратбек деген досум бар экен. Акырында үй-бүлө 10 сотых жери менен чоң үйлүү болушту", - деди Эрмек Нурбаев.
https://youtu.be/pXcJcZ5fqdA