SerepTV Logo

Жыл башынан бери калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифи 4 пайызга жогорулады

Жыл башынан бери калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифи 4 пайызга жогорулады
2021-жылдын январь-май айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жалпы республика боюнча калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифи дээрлик 4 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, ушул мезгил ичинде баалардын жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары - дээрлик 14 пайызга, анын ичинде аба жол жүргүнчү транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүндө - 2,7 пайызга, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөрдө - 6,8 пайызга, бут кийим оңдоодо - 4,3 пайызга, кийим тигүүдө - 4,1 пайызга, турак жайларды күнүмдүк күтүү жана оңдоодо - 3,4 пайызга жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдө - 0,5 пайызга эң чоң өсүшү катталды.
Unknown Author