SerepTV Logo

Жыл башынан бери бизнес-акыйкатчыга ишкерлерден 50 арыз түшкөн

Жыл башынан бери бизнес-акыйкатчыга ишкерлерден 50 арыз түшкөн
Жыл башынан бери ишкерлерден Бизнес-акыйкатчы институтуна 50дөй арыз түштү. Бул тууралуу бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев билдирди. Анын айтымында, арыздардын 30 пайыздан ашыгы — салыкка байланыштуу даттануулар. 2020-жылы ишкерлерден Бизнес-акыйкатчы институтуна 70 арыз түшкөн. Арыздардын көбөйүүсүнө укук коргоо органдарынын аракеттери да таасир этүүдө. Мындан сырткары лицензия маселесинде көйгөйлөр бар. Байланыш агенттиги тарабынан мыйзамсыз кысымдар болууда. Ал эми аймактардагы ишкерлерди жер тилкелерин ижарага алуу маселеси көбүрөөк түйшөлтөт. Көйгөйлөрдү жоюу үчүн Бизнес-акыйкатчы институту тийиштүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарына 16 чара көрүү актыларын жиберди. Тилекке каршы, баары толугу менен аткарылбайт. 16 актынын экөө гана каралган.
Unknown Author