SerepTV Logo

Жыл башынан бери 82 миң 42 жаран айдоочулук күбөлүк алган

Жыл башынан бери 82 миң 42 жаран айдоочулук күбөлүк алган
Кыргызстанда жыл башынан бери 82 миң 42 жаран айдоочулук күбөлүк алды. Бул тууралуу Каттоо кызматынан маалымдашты. "Унаа" мекемеси берген маалыматка ылайык, быйыл өткөн жылдын январь-май айына салыштырмалуу автоунаа айдоого укук алгандардын саны 3 600гө көп болгон. "Беш айдын аралыгында 41,5 миң адам айдоочулук күбөлүккө алгачкы ирет ээ болду. Ал эми 27,5 миңи жоготуп алганына, мөөнөтү бүткөнүнө же жеке маалыматтарын өзгөрткөнүнө байланыштуу кайрадан алышты. 11,8 миң жаран кайра даярдыктан өтүп жаңы күбөлүк колуна тийди. Ошондой эле эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк 774 кишиге берилди", — дейт маалыматта. Ушул эле мезгилде автоунаа айдоого уруксат алуу үчүн 172 миң жаран экзамен тапшырган. Бул өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу үч эсеге (58 миң) аз. Мындай чоң айырма былтыр карантиндик чектөөлөрдөн улам "Унаанын" бөлүмдөрү иштебегенине байланыштуу.
Unknown Author