Жыл башынан бери 7 миңге жакын шыпыргы сатып алган оорукананын жетекчиси үн катты
Бир эмес, бир нече ооруканага шыпыргы, чака сатып алынган. Кара-Суу райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун директору Гүлкайыр Муратова Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө комментарий берди. Ал кечээ, 15-декабрда ооруканалардын бири 2021-жылдын башынан бери 6,8 миң шыпыргы жана 3,8 миң чака сатып алганын айткан.
«Сөз Кара-Суу районунун жалпы медициналык практика борбору жөнүндө болуп жатат. Оорукананын карамагында 27 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 76 Фельдшердик-акушердик пункт жана Жалпы медициналык (үй-бүлөлүк) практикалык борборунун 4 филиалы - Кызыл-Суу, Шарк, Курманжан Датка жана Кызыл-Кыштак бар. Сатып алынган 6,8 миң шыпыргы 10 айга жана облустун 107 медициналык уюмуна бөлүнсө, айына беш-алты эле шыпыргы чыгат. Биз аз сатып ала албайбыз. Маселен, Кара-Суу филиалындагы төрөт бөлмөсүнө үч чака керектелет, 8 төрөт бөлмөсү бар. 50-60 даана бир жылга жетет. Төрөт бөлүмүнөн тышкары дагы 8-10 бөлүм бар. Ал эми бул бир гана борбордо», - дейт ал. Анын айтымында, Каржы министрлиги буга чейин ооруканада текшерүү жүргүзгөн. «Биз бардык керектүү документтерди бердик. Жыйынтыгын күтөбүз», - деп кошумчалады ал.