SerepTV Logo

Журналист Станбек Усупов 88 жашында дүйнө салды

Журналист Станбек Усупов 88 жашында дүйнө салды
Журналист Станбек Усупов 88 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Усупов Станбек Усупович 1934-жылдын 5-майында Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында туулган.
1958-жылы Казак мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Ал эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде адабий кызматкер катары баштап, бөлүм башчы, редактордун орун басары, редактор болуп иштеген. 1967-1970-жылдары КПСС БК алдындагы Коомдук илимдер академиясынын журналистика боюнча аспирантурасында окуп, тарых илимдеринин кандидаттык даражасына диссертация жактаган. 1971-1974-жылдары “Ысык-Көл правдасы” гезитинде редактор, 1976-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген. 1976-1986-жылдары “Кыргызстан коммунисти” журналынын башкы редактору, 1986-1992-жылдары Кыргыз телеграф агенттигинин (Кыргыз ТАГдын) директору болуп иштеген. 2000-жылдан тарта Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө жана факультетинде профессордук милдетин аткарган. 1981-жылы Станбек Усупов “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган, ошондой эле ар түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген журналисти” ардактуу наамына татыктуу болгон. “Кыргызстандын элге билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси жана “Даңк” медалы менен сыйланган. Маркум көп жылдар бою СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Unknown Author