SerepTV Logo

Журналист Эрулан Көкүлов олуттуу илдет менен ооруп жатканын айтты

Журналист Эрулан Көкүлов олуттуу илдет менен ооруп жатканын айтты
"Не сахар" долбоорунун автору, журналист, блогер Эрулан Көкүлов олуттуу илдет менен ооруп жатканын айтты. Бул тууралуу ал жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, ага жакынкы аралыкта медициналык жардам керектелет. "Акыркы убакта өзүмө, жакындарыма жана досторума көп убактымды бөлүүгө аракет кылып жатам. Себеби, мен өзүмдүн ден соолугумда олуттуу көйгөй бар деп ойлойм. Бул өтө эле олуттуу оору экенин сезем. Андыктан, мага жакын арада медициналык жардам керек. Мен өзүмдүн ооруп жатканымды билем. Жакында толук анализ тапшырып бүтөм», - деди ал. Журналист: «Бул ошончолук эле олуттуубу? Бирок сен жашайсың да?», - деген суроо узатты. «Ооба бул өтө олуттуу. Билбейм, көрө жатарбыз», - деди Эрулан Көкүлов.