SerepTV Logo

Журналист Элнура Молдокадырова менен активист Ренат Самудинов ажырашты

Журналист Элнура Молдокадырова менен активист Ренат Самудинов ажырашты
Саясий куугунтук алып, учурда АКШда жашап жаткан тележурналист, блогер Элнура Молдокадырова менен активист Ренат Самудинов ажырашты. Бул тууралуу түгөйлөр социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышты. "Мен сага ыраазымын. Мен өзүмдү мындан да жакшы көрө баштадым. Кыргызстанда Америкага чейинки татаал жолду басып өттүм. Чыдамкайлыкка, сабырдуулукка үйрөндүм. Коркуу сезимимди жеңдим, тобокелчиликке баргандан да коркпой калдым. Унааны бир буттап айдаганга үйрөнгөнүм үчүн сага ыраазымын. Адамдарга жардам берүүдөн ырахат алууга үйрөндүм. Блогерликти жактырып, аны акчага айландырдым. Жаңы ойлорду ойлоп, аны бизнеске айландырууну үйрөндүм. Ата-энемди андан да жакшы көрүүгө жана адамдарды кечирүүнү үйрөндүм. Мен жакшы көрүүнү үйрөндүм. Жашоомдо болгонуңа рахмат. Баары укмуштуудай болду. Мен сени менен сүйүү, ыраазычылык менен бөлүнөм жана өзүм үчүн мындан да мыкты, ийгиликтүү, жаңы дүйнөнү ачам", - деп жазды Молдокадырова. Ошол эле учурда Ренат Самудинов да интернеттеги баракчасына Молдокадырова менен эки жолго түшүп жатканын айтып, ага ыраазычылык билдирди. "Урматтуу достор, кээде жашоо сен күтпөгөн сыноо жана белектерди жөнөтөт. Узакка созулган талкуулардан жана кеңешүүлөрдөн кийин Элнура экөөбүз өз-өзүнчө, ар ким өз жолу менен кетүү чечимине келиштик. Биз ар башка экенибизди билдик, бирок жакшы достордон болуп калдык. Мен Элнурага баардыгы үчүн ыраазымын. Ал экөөбүз кыска убакыттын ичинде өтө кулпурган жашоону баштан кечирдик. Келечекте ага чын дилимден ийгилик жана бакыт каалайм жана ар дайым аны колдоого даярмын. Бул жашоодо ар ким өз жолун табат деп ишенем. Биздин чечимге түшүнүү менен мамиле жасап, сый мамиле жасоону суранам", - деп жазды Самудинов.