Журналист Али Токтакунов коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөө үчүн атайын фонд негиздеп, ачылышын өткөрдү
Иликтөөчү журналист Али Токтакунов иликтөө фондун ачып, аны медиахаб атады. Бул тууралуу ал кечээ, 18-февралда Бишкекте фонддун ачылышын өткөрүү аземинде жарыялады.
Анда Токтакунов ал негиздеген фонд коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөө үчүн ачылганын айтып, ошондой эле кино тармагында кыргыз тасмаларын жайылтуу иштери менен да алектенээрин белгиледи.
Аны менен катар иш-чарада Али Токтакунов менен иликтөөчү журналист Болот Темиров экөө иликтеп, даярдашкан "Темир жол” ишканасындагы коррупциялык иштерди ачыктаган иликтөө көрсөтүлдү.