SerepTV Logo

Жумуртка менен картошканын баасы бир жыл ичинде дээрлик 2 эсе кымбаттаган

Жумуртка менен картошканын баасы бир жыл ичинде дээрлик 2 эсе кымбаттаган
Өлкөдө өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу жумуртканын баасы 38 пайызга, ал эми картошканын баасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 49 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети республиканын 18 аймагы боюнча негизги азык-түлүктүн орточо керектөө бааларына мониторинг жүргүзүп, тастыктады. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жумурутканын орточо эсеп менен 105 сом 85 тыйынды түзгөнү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 38 пайызга өскөнүн билдирет.  Ал эми картошканын баасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32 сом 53 тыйынды түзүгөнү анын 49 пайызга жогорулаганын түшүндүрөт. Ошол эле учурда, жумуртканын чекене баасы орточо көрсөткүчтөн жогору болуп, Өзгөн районунда 134 сом 8 тыйынды, Ноокат районунда 123 сом 69 тыйынды, Чаек айылында 120 сомду, ал эми картошканын чекене баасы Токтогул шаарында — 35 сомду, Жалал-Абад шаарында 34 сом 70 тыйынды, Кара-Суу районунда 34 сом 32 тыйынды түзгөн. Жумуртканын баасынын эң жогору өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу Балыкчы, Токтогул жана Каракол шаарларында 1,5 эсеге, картошканын баасы Кербен жана Каракол шаарларында 1,6 эсеге, Бишкек  шаарында 1,5 эсеге жогорулаган.
Unknown Author