SerepTV Logo

Жумгалда нааразычылык акциясына чыккан эл тарады

Жумгалда нааразычылык акциясына чыккан эл тарады
Жумгалда нааразычылык акциясына чыккан эл тарады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине өздүк булактар билдирди. Маалыматка караганда, жолдун абалына нааразы болгон район тургундарына Жумгал районунун акими Залкар Бозбалаев жолуккан. "Чындыгында жолдун абалы мышык ыйлагандай. Аким жолду түрттүрүп тазалатууга убада берди. Жол эртең мененки саат 9дан 14:00гө чейин жабылды",- деди жергиликтүү тургун. Ал эми биздин редакция Жумгал районунун акиминин орун басары менен байланышканыбызда эч кандай жол жабуу болбогонун. Учурда жыйында отурганын, кененирээк маалымат кийинчереээк берилерин айтты.
edita