SerepTV Logo

Жумгал районунда жолдун салынбай жатканына нааразы болгон тургундар март айында жол жабууну көздөп жатышат. Видео

Жумгал районунда жолдун салынбай жатканына нааразы болгон тургундар март айында жол жабууну көздөп жатышат. Видео
Жумгал районунун тургундары март айында жол жабууну көздөп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Турусбеков Данияр СЕРЕП МЕДИА агенттигине билдирди. Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар Жумгал районунун жолунун дагы деле салынбай жатышын айтып, тынчтык митингине чыгууну көздөп жатышкан. Бирок алар өз ара сүйлөшүп, жолду тосуп салууну чечишкен. “Эл Вотсап, Телеграмдан группаларды түзүшүп, митингди 10-март же 15-мартка белгилеп жатышат. Жолду Жумгал савхозу айылынан тосуну көпчүлүк туура көрүүдө. Себеби бул жерден райондук каттам жабылат. Жергиликтүү депутаттар активдүү иштеп элди үгүттөөдө.  «Түндүк-Түштүк» алтернативалык жол курулушунун негизинде 2021-жылы жол салынып бүтмөк,  бирок тендердик же коррупциялык экени белгисиз ызы чуудан улам жол сала турган компаниянын иши сотко өтүп кеткендиктен, эл сотторго ишенберин, эл мындан ары чыдабай турганын жергиликтүүлөр айтып жатышат”,- деп айтылат маалыматта.
[video width="640" height="352" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/whatsapp-video-2021-03-05-at-11.32.00.mp4"][/video] [video width="640" height="352" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/whatsapp-video-2021-03-05-at-11.32.18.mp4"][/video]
edita