Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 18-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
ЖРТ төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:

I этап – 18, 19, 20-май

(17-май — тест борборлорун даярдоо күнү);

II этап – 22, 23, 24-май

(21-май — тест борборлорун даярдоо күнү);

III этап – 20, 21, 22-июнь

(19-июнь — тест борборлорун даярдоо күнү).
Катталууга үлгүрбөй калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо күндөрү каралган:

17-май

21-май

19-июнь.