ЖРТдан эң көп балл алган окуучу Кыргызстанда калуу ниети жок
2020-2021 окуу жылы үчүн өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин («Сапат» билим берүү мекемелерине таандык) окуучусу Жайдар Нургазиев 232 балл менен биринчиликти алды. Бүтүрүүчү учурдагы кубанычын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги менен бөлүштү.
“ЖРТга 3-4 ай даярдангам, ал эми биринчи болууну такыр ойлонбоптурмун. Эң негизгиси биринчи ондукка кирсем деген максаттарым бар эле”, - дейт Нургазиев. Ошондой эле 232 баллдын ээси чет өлкөдө окууну пландоодо. Ал Гонконг шаарындагы жогорку окуу жайлардын бирине өткөндүгүн кошумчалады.
Ал эми Караколдогу “Сапат” билим берүү мекемесинин окуу-тарбия башчысынын айтымында, Жайдар Нургазиев 11 жыл эң жакшы окуп көп ийгиликтерге жетишип келген. Бул ийгилигине учурда лицейдин жалпы жамааты кубанып жатканын билдирди.