Жоокерлерди сөгүп, мазактаган видео боюнча кылмыш иши козголду
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги видео февраль айында тартылганын билдирди.
"Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факты боюнча министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында, аталган аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылган.
Тартиптик териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык, жарандык жана кызматтык жоопкерчиликти бузган кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулган. 11-майда окуя тууралуу видеоматериал коомчулукка тарагандан кийин, министр биринчи орун басары менен аталган аскердик бөлүккө барып, аскер кызматчыларынын ата-энелери менен жолугуп, кырдаалды жеринен дагы бир ирет баалашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө: – Министрликтин жетекчилиги ата-энелер менен ачык диалог жүргүзүп, буга чейин көрүлгөн чаралар тууралуу кеңири маалымат беришти; – Министр мындай учурларда өз убагында министрликке, Аскер кызматчыларынын ата-энелеринин коомдук бирикмелерине жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуунун маанилүүлүгүн белгиледи; – Аскерлер үчүн шарттарды жакшыртуу, анын ичинде спорттук инвентарь менен камсыз кылуу жана дене тарбияга убакыт бөлүү маселелери көтөрүлдү; – Өзгөчө көңүл жоокерлердин моралдык-психологиялык абалын бекемдөөгө бурулду", - деп айтылат маалыматта. Өлкө башчысы Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берди.