SerepTV Logo

Жолдун четинен №1101 шайлоо тилкесинин мөөрү табылды

Жолдун четинен №1101 шайлоо тилкесинин мөөрү табылды
№1101 шайлоо тилкесинин мөөрүн журналист Канат Каниметов Бишкектеги жолдун четинен тапты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда ал “Мындай нерселерди арыкка таштап салууга болобу?” деп суроо салган. Ал эми бүгүн, 8-мартта Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов көчөдө жаткан мөөр тууралуу билдирүү жасады. Анда ал 6-март күнү № 1101 шайлоо тилкесинин төрайымына белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болуп, алар аялдын сумкасын уурдап, тоноп кетишкенин билдирди. “Кызматкердин уурдап кетишкен сумкасында телефону, банктык эсеп карталары, акчасы жана ал иштеген участканын мөөрү болгон. Бул окуядан кийин төрайымдын кан басымы көтөрүлүп, учурда дарыланып жатат”, - деди Кайрат Маматов. БШКнын сайты билдиргендей, №1101 участкалык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын Политехникалык көчөсүндөгү №79 бала бакчанын имаратында жайгашкан. 11-апрелде өлкөдө 28 шаарда жана 420 айыл аймактарында жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтөт.
Unknown Author