SerepTV Logo

Жолдо Тез жардам унаасын өткөрбөгөн айдоочулар айып пулга жыгылат

Жолдо Тез жардам унаасын өткөрбөгөн айдоочулар айып пулга жыгылат
Шаар ичиндеги унаалардын тыгынында Тез жардам унаалары өтө албай кармалып калган учурлар көп эле кездешет. Бул жагдайга бөгөт коюу максатында Бишкек шаарында Тез жардам унааларына жол бошотпогон айдоочуларга “Маяк “ деп аталган рейд жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти. Маалыматта Тез жардам кызматынын дарыгерлери коронавирус пандемиясынан улам элге ыкчам медициналык жардам көрсөтөрү, бирок айрым айдоочулар аларга жол бошотпой тоскоолдук жаратары белгиленет. "Мындай туура эмес кадамдар калкка жардам көрсөтүүнү кечеңдетет. Белги берип келе жаткан Тез жардам унаасын өткөрбөй койгон айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Эреже бузуулар кодексинин 132-беренесинин негизинде протокол түзүлөт. Ошондой эле бул беренеде 10 миң сом айып пул салуу каралган", — деп айтылат билдирүүдө.
Unknown Author