SerepTV Logo

Жол тескөөчүлөр ымыркайды ооруканага жеткирүүгө жардам беришти (видео)

Жол тескөөчүлөр ымыркайды ооруканага жеткирүүгө жардам беришти (видео)
Жол тескөөчүлөр ымыркайды өз убагында ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыганан билдиришти. 1-октябрда саат 11:30 чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 14-чакырымында өзгөчө кырдаал катталды. Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жол коопсуздугун көзөмөлдөп жаткан учурда, Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарындагы 3-балдар клиникалык ооруканасына бара жаткан такси токтоп, ичинде 9 айлык ымыркай оор абалда экени айтылды. Ымыркайдын шашылыш медициналык жардамга муктаж экенин угушканда, кызматкерлер дароо аракетке өтүшүп, эне менен ымыркайды кызматтык унаага отургузуп, коштоп барып, ооруканага тез арада жеткиришкен.
edita