SerepTV Logo

Жол кырсыктын кесепетинен көз жумгандарды эскерүү. Айгүл Жапарова айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Жол кырсыктын кесепетинен көз жумгандарды эскерүү. Айгүл Жапарова айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды
Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде жол кырсыктын кесепетинен каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова да катышты. Ал уулу жол кырсыктан каза болгонун айтып, айдоочуларды этият болууга чакырды. "Кырсыктын курмандыктары - жаштар. Биз бүткүл мамлекет жол кырсыктарга каршы турушубуз керек. Ар бир айдоочу жоопкерчиликти сезип, өзү жөнүндө гана ойлонбошу керек",- деди ал. Дастан Садыр уулу 2019-жылдын 22-августунда мотоцикл менен бара жатып жол кырсыгына учурап, төрт күндөн кийин эсине келбей Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумган. Ал 27 жашта эле жана үй-бүлөдө тун бала болгон.