ЖОЖдорго өтүү үчүн босого баллы белгиленди. Бюджет - 110, конракт - 105 балл
Кыргызстандагы ЖОЖдорго кабыл алуу боюнча босого балл белгиленди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бюждетке өтүү үчүн 110 балл болсо, контрактка 105 балл белгиленген. Ал эми предметтик тесттер боюнча босого балл 60 баллды түзөт. Бул жылы ЖРТга 44 миң 416 окуучу катышкан. Катышкандардын алган орточо баллы 120,5 баллды түзгөн.