SerepTV Logo

Жогорку Сот Равшан Сабировдун буга чейинки өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү

Жогорку Сот Равшан Сабировдун буга чейинки өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү

Жогорку Сот мурдагы вице-премьер Равшан Сабировго карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жактоочунун 20-апрелде жазган арызы толук канаатандырылган.

"Жогорку Соттун 2013-жылдын 23-майындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 7-мартындагы Сабировго чыгарган өкүмү жокко чыгарылды. Кылмыш иши жаңы апелляциялык соттук отурумга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

2011-жылдын декабрь айында Сабиров Социалдык өнүктүрүү министри кызматына дайындалган. 2012-жылдын июль айында ал пара талап кылган деген шек менен кармалган. 2013-жылдын 7-мартында Бишкек шаардык соту Сабировду Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси менен күнөөлүү деп таап, анын мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын март айында ал мунапыс менен бошотулган. 2020-жылдын октябрь айында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен вице-премьер болуп дайындалган. 2021-жылдын 3-февралында бул кызматтан бошотулган. 2021-жылы 5-февралда ал президент Садыр Жапаровго кеңешчиси болуп дайындалган эле.