SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жумушка чыкты

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жумушка чыкты
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 7-июлда жумушка чыкты. Ал жыйынга катышып жатат. 30-июнда Мамытовдун ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу 28-июндан баштап президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүп жатканы маалым болгон. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде, анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында коронавирус илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтпоо максатында аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.