SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин сайты жаңыланды

Жогорку Кеңештин сайты жаңыланды
Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу жарандарга толук маалымат жеткирүү максатында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен парламенттин kenesh.kg веб-порталы жаңыланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңыланган сайттын дизайны жакшыртылып, техникалык түзүлүшү, башкаруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген. "Буга чейин Жогорку Кеңештин сайты "Маалыматтар толук ачык" наамын алууга жетишкен жана парламент жетекчилиги мындан ары да депутаттардын, фракциялардын жана комитеттердин иши боюнча шайлоочуларга керектүү бардык маалыматтарды жеткирүүнү уланта бермекчи", - деп айтылат маалымат.