SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 56 жашында каза болду

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 56 жашында каза болду
"Бир бол" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов көпкө созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты парламенттин басма сөз кызматынан ырасташты. Алмазбек Акматов 1964-жылдын 18-октябрында Нарын облусунда туулган эле. 2007-2012-жылдары Эсептөө палатасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. SUPERTV'нын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
admin@supertv.kg