SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынынын күн тартиби

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынынын күн тартиби
Бүгүн, 4-февралда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйындын күн тартиби (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн): 1. Ар кандай маселелер; 2. “Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет); 3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет); 4. “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет); 5. “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет); 6. “Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук кеңештин төрагасы Э.Ж.Байбакпаевдин отчёту тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.
edita