Жогорку Кеңеште эки жаңы депутат ант берди
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эки жаңы депутат - Равшанбек Рысбаев менен Мейкинбек Абдалиев ант берди.
Равшанбек Рысбаев мыйзамсыз баюуга шектелип, мандатын тапшырган Марат Аманкуловдун ордуна, ал эми Мейкинбек Абдалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп дайындалган Мирлан Бакировдун ордуна келди.
Эки депутатка БШК тарабынан мандат 1-апрелде берилген болчу.