Жогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү. Топко кимдер кирген жок?
Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлдү.
- "Ата Журт" депутаттык тобу. Курамына 18 эл өкүлү кирди. Лидери Нурланбек Азыгалиев болду.
- “Мекенчил” тобуна 19 депутат кирди. Лидери Кундузбек Сулайманов болду.
- “Элдик” депутаттык тобуна 18 эл өкүлү кирди. Лидери — Акылбек Түмөнбаев.
- “Адилет Кыргызстан” — 14 депутат, лидери — Нурбек Сыдыгалиев.
- “Ала-Тоо” тобуна 15 депутат, лидери Жанар Акаев болду.